“Шаарыбыз үчүн эң башкы байлык – тынчтык!”

Автор: allakul, сентября 28, 2012

ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун директору,

Ош шаардык Кеңештин депутаты Т.А.Жоробеков:

“Шаарыбыз үчүн эң башкы байлык – тынчтык!”

 

–          Темирбек Астаевич, шаар күнүн тосууга эл өкүлү кандай даярдыктарды көрүп жатты экен?

–          Шаар күндөн күнгө өзгөргөнүн калың эл аябай жактырып кабыл алууда. Айрыкча, шаарды бир топ убакыт көрбөгөндөр суктануу, таң калуу менен шаар мэрине ыраазычылык айтып жатышат. Мындай жагымдуу маанай өкүм сүргөн жерде майрам да жакшы өтөт деген ишенимдемин. Буга чейинки шаар күндөрүндө болуп өтүүчү программалар да башкача түзүлдү деп угуп жатабыз. Демек, эл өкүлү катары мен да майрамды жылдагыдан башкача тосуп алууга далаалат кылып жатам.

–          Майрам күнү бир нече жаңы обьектилер ачылганы атат. Сиз алардын кайсынысында болосуз?

–          Мүмкүн болушунча баарына катышууга аракет кылам. Анткени, алардын ар бири шаардыктар үчүн көптөгөн эмгек менен жасалды. Учурдан пайдаланып, шаар тургундарын мына ушул салтанаттарга активдүү катышууга чакырам. Ачыгын айтсам, өзүм өзгөчө грен.завод тарапка түшкөн жаны фонтандын ачылышын чыдамсыздык менен күтөп жатам.

–          Мынча фонтандын ордуна элге керектүү башка обьектилерди курса жакшы болмок дегендерге кандай жооп берет элениз?

–          Шаарда курулгандардын ашыкчасы жок. Баары өз ордунда, зарыл. Эл буларды кандай кабыл алып, сүйүнүп жатканы көрүнүп эле турат. Ишенбесеңер курулган фонтандардын айланасына барсаңар эл батпайт. Мынча эл мурда кайсы жерде эс алып жатты экен деп ойлонуп көргүлөчү. Мэрия бир топтун кызыкчылыгы эмес, көпчүлүктүн каалаганын аткарып жаткандыгы менен алкоого алынууда. Эс алуу бактары, аллеялар, коомдук жайлардын заманбап жасалгаланышы эң баштап жалпы коомчулуктун руханий дүйнөсүнө жакшы таасир калтырып, элдин эстетикалык табитин, жаштардын жүрүм-турум нормаларын жакшыртып жатат. Айлана-тегерегибиз эл аралык стандартта өнүгүп, жакшыра баштаган сайын шаардыктардын да аң-сезими жогорулап, маданий-эстетикалык баалуулуктарга аяр мамиле жасай баштайт. Менимче, бул багытта жасалып жаткан иштер эң туура нукта уланууда.

–          Манастын, Барсбектин, Алымбек датканын эстеликтерин тургузганыбыз менен жаштарыбызда бул баатырларыбыз тууралуу маалымат дагы деле жетишсиз болууда. Маалыматты жеткирүүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынан башка да жолу барбы?

–          Жолу бар. Тарых жана класстан тышкаркы сабактардын программаларын кайра карап чыгуубуз керек. Балдар бакчаларынан тартып мектеп, жогорку окуу жайларына чейин класстан тышкаркы сабактарда мына ушул баатырларыбыздын эрдиктерин кайра-кайра кайталап, балдарыбыздын мээсине куя беришибиз керек. Силер туура суроо бердиңер, чын эле маалыматтын жетишсиздиги эң чоң көйгөй болууда. Кудай буюрса, Ош шаарында курулган эстеликтердин таасири менен жаштарыбыз да өз алдынча изденип, Ата-Журтубуздун тарыхына, ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолуна кызыга баштаса керек.

–          Жалпы шаардыктарды шаар күнү менен куттуктоого мүмкүнчүлүк берели?

–          Биздин шаарыбыз үчүн эң башкы байлык – тынчтык! Тынчтык болсо шаар бийлиги ар тараптан өнүгүү жасай аларын 3 жылдан бери толук далилдеди. Ошондуктан, шаардыктарга эн биринчи ынтымак-ырашкерлик каалаймын. Анан ар бир жаранга бекем ден-соолук, мекенчилдик тилеймин. Шаарыбыздын гүлдөп-өсүшүнө баарыбыз жапа тырмак салым кошолу.

 

 

Маектешкен Тургунбай Алдакулов

1-5-октябрь – Ош шаарынын күнү белгиленет

Автор: allakul, сентября 24, 2012

Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси өткөн күн 5-октябрь 2000-жылдан бери жыл сайын салатанттуу белгиленип келет. Быйыл да жаңы ийгиликтердин, ачылыштардын коштоосу менен шаардыктар бул күндү шаан-шөкөттүү өткөрүшөт. Жолдор ачылып, эс алуу парктары, заманбап коомдук жайлар ишке кирет. Шаардыктар айрыкча балдар бакчасы менен Монуев көчөсүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

“Ош шамы” гезитине студенттерди кабарчылыкка тандап жатабыз

Автор: allakul, сентября 24, 2012

Ош шаарындагы ЖОЖдордо билим алып жаткан студент жаштарды “Ош шамы” гезитине кабарчы кызматына кабыл алабыз. “Юзоф Ош” коомдук фонду менен биргеликте “Кабар-Ордо” долбоорун ишке ашыруу учун 6 студентти кабарчы кызматына кабыл алып, журналистиканын эл аралык стандарттарын үйрөтөбүз. Жаш кабарчылардын жазган кабарларына калем акы төлөп беребиз. Убакыт чектелүү. Конкурска катышууну каалагандар 29-сентябрга чейин “Ош Кыргызстандын түркүгү” деген темада дилбаян жазып, редакцияга кайрылышы керек.

Ош – тынчтыктын жана достуктун шаары

Автор: allakul, сентября 23, 2012

Кыргыз жана өзбек аксакалдары

Кыргыз жери – Кыргызстаныбыз жөн жерден бейишке салыштырылбаса керек. Анткени, абасы таза, суусу тунук, Ала-Тоолору бийик, жайлоолору болсо укмуш керемет. Уй-жылкылар, кой-эчкилердин маарашы кандай жагымдуу. Табийгаттын дары-чөптөрү, дары суулары, ачылган тоо гүлдөрү адамды өзүнө тартып, көңүлүңүздү кубанычка бөлөйт. Гүлдөрдүн жыпар жыттары болсо жан дүйнөгө чексиз ырахат тартуулайт. Кооз жаратылыштын кучагында көкүрөк керип өмүр улаган ар бир кыргыз атуулу ошон үчүн кең пейил, меймандос, ак ниет жана эр жүрөк болуп эр жеткен.

Толугу менен