Ош – тынчтыктын жана достуктун шаары

Автор: allakul, September 23, 2012

Кыргыз жана өзбек аксакалдары

Кыргыз жери – Кыргызстаныбыз жөн жерден бейишке салыштырылбаса керек. Анткени, абасы таза, суусу тунук, Ала-Тоолору бийик, жайлоолору болсо укмуш керемет. Уй-жылкылар, кой-эчкилердин маарашы кандай жагымдуу. Табийгаттын дары-чөптөрү, дары суулары, ачылган тоо гүлдөрү адамды өзүнө тартып, көңүлүңүздү кубанычка бөлөйт. Гүлдөрдүн жыпар жыттары болсо жан дүйнөгө чексиз ырахат тартуулайт. Кооз жаратылыштын кучагында көкүрөк керип өмүр улаган ар бир кыргыз атуулу ошон үчүн кең пейил, меймандос, ак ниет жана эр жүрөк болуп эр жеткен.

Мына ушундай бизге жагымдуу сезим тартуулаган Кыргызстан мамлекети үчүн жараткан улуу Алланын алдында да өз парзыбызды өтөп коюшубуз зарыл деп эсептеймин. Мекен алдындагы милдетин туура баамдап, аны турмушка ашырып жаткан атуулдарыбыз деле жок эмес. Биз алардын баатырдык менен жасаган иштерине жогору баа берип, алардан өрнөк алып, өз үлүшүбүздү кошууга ашыгышыбыз керек.

Мен бул багытта өз оюмду далилдүү баяндоо үчүн төмөнкү көрүнүштөрдү кеп кылууну туура көрүп жатам. Ош шаарына бет алган инсан облустук ооруканага жакындаганда Чыгыш дарбазасына туш болот. Бул жерде кыргыз элинин эң ыйык, улуттук буюму Түндүгү жаркырап, боз үйдүн элеси чагылат. Кыргыздардын байыркы көчмөн турмушу, улуттук үрп-адаты, салт-санаасы, кербендердин жүрүшү, айтор көчмөн турмуштун урунттуу учурлары кооз таштар менен дубалга чегилип коюлганы не бир укмуш эмгек эмеспи.

Ал ортодо кыргыз элинин сыймыгы, бир кездеги Оштун тиреги Алымбек датка атабыздын айкели аргымак үстүндө эки жагында жолборстору менен шаңкайып, баатыр кыргыз эллине майтарылбас дух берип тургансыйт.

Аэропорт тараптан келе жаткан конокторду айкөл «Манас» атабыздын айкели бой көтөрүп тосуп алат. Келген меймандарга өз салабаты менен кыргыз элинин тукуму ушундай балбан баатырга бай, дагы эле кыргызымдын эр азаматтары мекен дегенде жанын бере турган, кайтпас билеги күчтүү уул, эр-азаматтардан куру эмес экендигин айгинелеп турат.

Ош шаарынын Батыш жагында болсо Барсбек бабабыздын айкели орун алып, жалпы элге акылмандуулуктун үлгүсүн чагылдырып турганын айтпай коюуга болбойт. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө бүткүл күчүн арнап, керек болсо душмандардан жанын аябаган, мамлекетибизди сактап калган баатыр аталарыбыз бар экенин жамы журтубуз, өзгөчө жаштарыбыз билиши керек.

Бүгүнкү муун ушундай бактылуу, байгер заман, күнөстүү Кыргызстан өзүнөн-өзү эле пайда болуп калбаганын, ал үчүн эчен баатырларыбыз кан-жанын арнап күрөшкөнүн из бул күндөрдүн баркына жетели, аны барктай билели! Баатыр ата-бабаларыбыз сыяктуу Оштун мэри М.Мырзакматов да Ош шаарын күндөн-күнгө өнүктүрүп, чырайын ачып, сулуу шаарлардын бирине айлантууда. Ал үчүн шаарыбыздын мэрине баарыбыз ыраазы болуп, айыл-кыштактан, райондон келген адамдар да ушундай патриот, жүрөгү таза, мекен үчүн бар күчүн жумшай турган инсандарыбыз бардыгына ыраазы болуп, сүйүнүп олтурабыз. Албетте, бул жетишкендиктерге шаардагы ар бир мекеме, ар бир окуу жайы, ар бир ишчи жана ар бир шаар тургуну өз салымын кошууда.

Ош шаары – достуктун шаары. Анткени, кыргыз эли менен бирге өзбек, казак, уйгур, татар, түрк, дунган жана башка улут өкүлдөрү да бир үй-бүлөнүн баласындай жашап келе жатышат. Демек, Кыргызстаныбыз тынч болсун, Ош шаарыбыз өнүгүп-өссүн десе, бардык элдер ынтымактуу, кечиримдүү болуп, бактылуу күн кечиришсин.

«Дем» сайтында жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.