“Шаарыбыз үчүн эң башкы байлык – тынчтык!”

Автор: allakul, September 28, 2012

ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун директору,

Ош шаардык Кеңештин депутаты Т.А.Жоробеков:

“Шаарыбыз үчүн эң башкы байлык – тынчтык!”

 

–          Темирбек Астаевич, шаар күнүн тосууга эл өкүлү кандай даярдыктарды көрүп жатты экен?

–          Шаар күндөн күнгө өзгөргөнүн калың эл аябай жактырып кабыл алууда. Айрыкча, шаарды бир топ убакыт көрбөгөндөр суктануу, таң калуу менен шаар мэрине ыраазычылык айтып жатышат. Мындай жагымдуу маанай өкүм сүргөн жерде майрам да жакшы өтөт деген ишенимдемин. Буга чейинки шаар күндөрүндө болуп өтүүчү программалар да башкача түзүлдү деп угуп жатабыз. Демек, эл өкүлү катары мен да майрамды жылдагыдан башкача тосуп алууга далаалат кылып жатам.

–          Майрам күнү бир нече жаңы обьектилер ачылганы атат. Сиз алардын кайсынысында болосуз?

–          Мүмкүн болушунча баарына катышууга аракет кылам. Анткени, алардын ар бири шаардыктар үчүн көптөгөн эмгек менен жасалды. Учурдан пайдаланып, шаар тургундарын мына ушул салтанаттарга активдүү катышууга чакырам. Ачыгын айтсам, өзүм өзгөчө грен.завод тарапка түшкөн жаны фонтандын ачылышын чыдамсыздык менен күтөп жатам.

–          Мынча фонтандын ордуна элге керектүү башка обьектилерди курса жакшы болмок дегендерге кандай жооп берет элениз?

–          Шаарда курулгандардын ашыкчасы жок. Баары өз ордунда, зарыл. Эл буларды кандай кабыл алып, сүйүнүп жатканы көрүнүп эле турат. Ишенбесеңер курулган фонтандардын айланасына барсаңар эл батпайт. Мынча эл мурда кайсы жерде эс алып жатты экен деп ойлонуп көргүлөчү. Мэрия бир топтун кызыкчылыгы эмес, көпчүлүктүн каалаганын аткарып жаткандыгы менен алкоого алынууда. Эс алуу бактары, аллеялар, коомдук жайлардын заманбап жасалгаланышы эң баштап жалпы коомчулуктун руханий дүйнөсүнө жакшы таасир калтырып, элдин эстетикалык табитин, жаштардын жүрүм-турум нормаларын жакшыртып жатат. Айлана-тегерегибиз эл аралык стандартта өнүгүп, жакшыра баштаган сайын шаардыктардын да аң-сезими жогорулап, маданий-эстетикалык баалуулуктарга аяр мамиле жасай баштайт. Менимче, бул багытта жасалып жаткан иштер эң туура нукта уланууда.

–          Манастын, Барсбектин, Алымбек датканын эстеликтерин тургузганыбыз менен жаштарыбызда бул баатырларыбыз тууралуу маалымат дагы деле жетишсиз болууда. Маалыматты жеткирүүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынан башка да жолу барбы?

–          Жолу бар. Тарых жана класстан тышкаркы сабактардын программаларын кайра карап чыгуубуз керек. Балдар бакчаларынан тартып мектеп, жогорку окуу жайларына чейин класстан тышкаркы сабактарда мына ушул баатырларыбыздын эрдиктерин кайра-кайра кайталап, балдарыбыздын мээсине куя беришибиз керек. Силер туура суроо бердиңер, чын эле маалыматтын жетишсиздиги эң чоң көйгөй болууда. Кудай буюрса, Ош шаарында курулган эстеликтердин таасири менен жаштарыбыз да өз алдынча изденип, Ата-Журтубуздун тарыхына, ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолуна кызыга баштаса керек.

–          Жалпы шаардыктарды шаар күнү менен куттуктоого мүмкүнчүлүк берели?

–          Биздин шаарыбыз үчүн эң башкы байлык – тынчтык! Тынчтык болсо шаар бийлиги ар тараптан өнүгүү жасай аларын 3 жылдан бери толук далилдеди. Ошондуктан, шаардыктарга эн биринчи ынтымак-ырашкерлик каалаймын. Анан ар бир жаранга бекем ден-соолук, мекенчилдик тилеймин. Шаарыбыздын гүлдөп-өсүшүнө баарыбыз жапа тырмак салым кошолу.

 

 

Маектешкен Тургунбай Алдакулов

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.